Май айынан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 0,77 тыйындан бир сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Мамлекет башчы электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өскөнүн, ошондой эле электр жабдыктарынын эскилиги жеткенин айтты.
"Союз мезгилинде электр энергиясын өндүрүү өзүбүздөн ашып, кошуна өлкөлөргө экспортточубуз. Эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы ГЭС курулбаптыр. Элдин саны дээрлик бир жарым эсеге өсүптүрбүз. Курулуштардын саны дагы эселеп өсүптүр.
Ал эми электр энергияны колдонуу 1991-жылы 9 миллиард болсо бүгүнкү күндө 16 миллиарддын тегерегинде болууда. Чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалууда аба чубалгылары да жаңыланган эмес. Электр жабдыктардын эскирүүсү дээрлик 80 пайыздан жогору. Ошол электр жабдыктары Союз мезгилинде курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Анысы аз келгенсип, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт.
Так кесе айтсам энергетика тармагыбыз чала жан болуп калган", - деп жазды ал.
Мындан улам Садыр Жапаров май айынан баштап электр энергиясынын баасы 0,77 тыйындан бир сомго көтөрүлөрүн белгиледи.
"Сөзүмдүн акырында элге кайрыларым, жогорудагылардын баарын эске алуу менен, ушул жылдын май айынан баштап электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз. Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар.
Себеби бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт.
Калганын өзүңүздөр талдап көрсөңүздөр болот", - деп жазып калтырды Садыр Жапаров.