Бокс боюнча Азия чемпиондугу: Бүгүн 4 кыргыз мушкери беттешке чыгат (тизме)

Бүгүн, 21-январда Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 4 кыргыз мушкери беттешке чыгат.

63,5 килограмм салмак категориясында Аскат Култаев Филиппиндин мушкери менен беттешет;

71 килограмм салмакта Нурадин Рустамбек уулу шри-ланкалык мушкер менен кез келет;

75 килограмм салмак даражасында Даниел Абдрахманов жана 80 килограмм салмакта Бекбол Мурасбеков экөө тең казакстандык мушкерлер менен күч сынашат.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 13:00 башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан