Италиянын "Ювентус" футболдук клубу каржылык көз боёмочулук фактысы үчүн Италия чемпиондугунда чогулткан 15 упайынан ажырады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Италиянын футбол федерациясынын соту (FIGC) клубду каржылык көз боёмочулуктан улам жазалоону талап кылган прокурордун өтүнүчүн канааттандырды. Прокурор "Ювентустан" тогуз упай алып салууну суранган.
Муну менен "Ювентус" футболдук клубу турнирдик жадыбалда 22 упайы менен 10-орунга түшүп калды. Клуб бул чечимди апелляцияга бере алат.
Эске салсак, "Ювентус" клубу футболчулардын трансфер акысын ашыкча көрсөткөн, ошондой эле кызматкерлердин чыгымдары боюнча маалыматтарды төмөндөткөн жана футболчулардын айлык акысынын чыныгы өлчөмүн жашырган деп айыпталган.