Ошто УКМКнын кызматкеринин 15 миң доллар пара менен кармалышы: Камчыбек Ташиев билдирүү жасады

Камчыбек Ташиев УКМКнын Оштогу тергөөчүсүнүн пара алып жаткан жеринен кармалышы боюнча комментарий берди.

"Кабар" маалымат агенттиги билдиргендей, Камчыбек Ташиев өзүнүн пикирин Бишкекте министрлер кабинети менен облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан республикалык кеңешмеде айткан.

Иш-чарада Ташиев УКМК кызматкерин кармоо боюнча атайын операция Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана атайын кызматтар менен биргеликте пландалган жана даярдалганын айтты.

“Бул тууралуу маалымат мага жеткен. Биздин жарандан УКМКнын тергөөчүсүнүн бири андан ири суммадагы акча талап кылып жаткандыгы тууралуу арыз мага жеке тапшырылган. Реакция кылуу үчүн арызды Башкы прокуратурага бердик. Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги менен жыйын өткөрүп, андан кийин пара талап кылган адам кармалды”, - деди ал.

УКМКнын төрагасы айрым аткаминерлер жана ЖМКлар туура эмес маалымат таратканын белгилеп, бул үчүн алар жоопко тартылышы керектигин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-январда Башкы прокуратура Ош шаарында УКМКнын тергөөчүсү 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-01-21 22:32:00
Камчыке, эркексиң
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан