Миллиардер Илон Масктын атасы Эррол Маск үйүнүн терезесин талкалап кирген каракчылардын тобун өлтүрүүгө байланыштуу куралдуу күзөткө алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Эррол Маск тоноо учурунда үйүндө кызы Рози экөө болгонун, терезенин сынган үнүнөн ойгонгонун, өзүн коргоо үчүн үйүнө кирген адамдарга ок чыгарганын билдирген.
Жыйынтыгында сот Эррол Маскты өзүн коргоонун негизинде киши өлтүргөн деп актаган.
Ал эми Илон Маск атасынын коопсуздугунан чочулап учурда ага куралдуу кайтаруу койду. Илон Масктын атасы күнү-түнү куралчан адамдардын көзөмөлүндө.