Акжол Махмудов бир тууган агасынын жеңишинен кийин көзүнө жаш алды (видео)

Кечээ, 21-январда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча өлкө чемпиондугу старт алды.

Биринчи күндүк мелдеште 55, 63, 72 82 жана 97 килограмм салмакта өлкө чемпиондору аныкталды.

Өлкө чемпиондугуна белгилүү балбан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы Сыймык Махмудов дагы катышты. Ал 63 килограмм салмакта финалга чейин жетип, финалда Дастан Кадыровду жеңип, өлкө чемпиону болду.

Дал ушул финалдык беттештен кийин агасынын жеңишине сүйүнгөн Акжол Махмудов эмоциясын жашыра албай көзүнө жаш алды.

Акжол Махмудов агасынын жеңишинен кийин көзүнө жаш алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан