Ошто муздун алдынан 6 жашар кыздын жансыз денеси табылды

Алай районунун Чоң-Бүлөлү айылында 6 жашар кыздын жансыз денеси тоңгон муздун алдынан табылды. Бул тууралуу 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чоң-Бүлөлү суусунун жээгиндеги тоңгон муздун астына 6 жаштагы Д.А. аттуу кыз чана тээп жатып түшүп кеткен.

"Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, кыздын жансыз денесин муздун астынан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан