Тамашоучу, алып баруучу, актёр, Мыкы деген лакап аты менен таанылган Мыктыбек Мукаев бүгүн, 23-январда 29 жашка толду. Ал туулган күнү футболдо башталганын айтат.
"Туугандарым, досторум куттуктап чалып, жазганы эле болбосо, өздүк майрам деп көп деле тосо бербейм.
Туулган күнүм футболдо башталды. Дос балдар болуп жумасына бир жолу чогулуп, футбол ойноп турабыз. Ошол жактан биринчи куттуктоолор болду", - дейт ал.
Мыктыбек Мукаев 1994-жылы 23-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультетине тапшырып, аны 2016-жылы аяктаган. Ал эми 2011-жылдан тарта күлкү дүйнөсүнө аралашып, университетте окуп жүргөндө орус тилинде өтчү КВНде ойноп баштайт. Кийин кыргыз тилдүү оюндарга катышууну чечип, "Тамашоу" долбоорунун 5-сезонуна "Политех" курама командасы менен чыккан.
"Кино жаатында актёрлук мага жылмайбай жатат. Көбүнчө эпизоддук кыска ролдордо ойноп жатам. Ал эми сценарист катары эки кинодо иштедим. Мага жакты, өзүмдү ошол жакта ыңгайлуу сезем. Алдыда сценарист катары жаңы тасмалардын титрлеринде жана ютуб проектилерде көрсөңүздөр болот. Жаз айына юморист катары сонун сюрпризим бар", - дейт Мыктыбек Мукаев.