Тору-Айгырдагы өрттөн бир адам күйүк алып, ооруканадан каза болду

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл өкмөтүндө өрт кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өрт кырсыгы турбазада чыгып, андан бир адам денесинин 90 пайызынан күйүк алып, ооруканага түшкөн.

"Тору Айгыр айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Өрүк айылындагы “Улан” турбазасынын өткөрүү пункту жана ичиндеги буюмдары күйгөн. Өрттүн натыйжасында 73 жаштагы К.А. аттуу эркек киши жабыркап, 90 пайыз денеси күйүп, 4 даражадагы күйүк алган. Ал ооруканага жеткирилип, ооруканадан каза болуп калды", - деп билдиришти ӨКМдан.

Учурда өрттүн себеби такталып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан