"Бир жаран күйүк алган". Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында айтылат.

"Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 күжүрмөн эсеп тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Алсак, Сокулук районунун Ак-Ордо конушундагы Ордо көчөсүндө турак үйдүн короосунда Хонда-Аккорд үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.

Ал эми Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында жалпы аянты 450 чарчы метр болгон Түндүк-Чыгыш бажысынын жыгач устундуу калай жабылган чатыры, от жагуучу бөлмө, ток берүүчү генератор, аликабонд менен капталган сырткы жасалгасы, эшик, терезелер толугу менен күйгөн.

Баткен шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндө турак үйдүн 40 чарчы метр ашкана жана жуунуучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн натыйжасында: 1979-жылы туулган Н.А. аттуу эркек киши жабыркап, 1-даражадагы күйүк алган.

Учурда өрттөрдүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан