Республикалык IV Курани Карим боюнча жарыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду жана “Умай-Нур” кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган Республикалык IV Курани Карим боюнча жарыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Финалдык жарышка бардык облустардан тандалып алынган 20 кары катышкан. Бул туурасында бүгүн, 9-декабрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарыштын аягында калыстар тобунун чечими менен төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылып, жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.

Куранды толук жаттагандар (30 пара) боюнча:

I. Сабуров Исматулло (100 000 сом)              

II. Искандаров Насрулло (60 000 сом)          

III. Кулматов Мухаммадиляс (40 000 сом)                   

Курандын үчтөн бир бөлүгүн жаттагандар (10 пара) боюнча:

I. Жалалов Мухаммаднаби (30 000 сом)    

II. Атаханов Хажиакбар (20 000 сом)  

III. Жумабек уулу Адиятулла (30 000 сом)     

Куранды көркөм окуу (хуснул кыраат) боюнча:

I. Кушубеков Бекболсун (20 000 сом)                    

II. Темирбек уулу Ислам (15 000 сом)                   

III. Алимов Уланбек (10 000 сом )  

Эске сала кетсек, куран окуу боюнча жарыш 7-декабрда Кыргыз улуттук филармониясында болуп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан