Чүй облусунун Сокулук районунда жасалма акча колдонууга шектелип эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, милицияга Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал жасалма 200 долларга көмүр алып кеткен белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран кармалган. Кармоо учурунда андан 75 даана 500 евро жана 67 даана 100 доллар алынган.
Кармалган шектүү жарандын дагы ушул сыяктуу кылмыштардын бир нече фактыларына катыштыгы бар экени аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.