Бишкекте абакка тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган контролёр кармалды

Борбор калаадагы СИЗО-1ге тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган контролёр кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, №21 мекеменин ыкчам кызматкерлери тарабынан аталган мекеменин улук контролёру Т.Д. кызматтык милдетин аткарууга келе жатып, тыюу салынган буюмдарды жашыруун алып өтүүгө аракет кылганы айтылат.
"Тактап айтканда, 20 миң сом өлчөмүндө накталай акча, спецификалык жыты бар ак порошок түрүндөгү зат, болжол менен 2 грамм салмактагы белгисиз баңги затынын 14 капсуласы бар болгон.
Бул факты автоматташтырылган маалымат системасынын маалымат журналында катталган. Материалдар сотко чейинки өндүрүш үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилип, ички иликтөө жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Коррупциянын бардык көрүнүштөрү жана мыйзам бузуулар боюнча жарандар ЖАКнын ишеним телефонуна (0312) 43-11-77 номери аркылуу кайрылса болору кабарланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан