Ошто бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Ошто бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 20-январь күнү Кара-Суу районунун аймагында жаран баңгизатты колдонуп жана сактап жүргөндүгү туурасында ыкчам маалымат алынган.

Бул маалымат каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жаран Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын тургуну 33 жаштагы С.Б. экендиги аныкталган.

Ал 21-январь күнү Чоң-Алай районунун Шиман жайлоосунда изин жашырып, качып жүргөн жеринен кармалган. Тинтүү жүргүзүлгөн кезде жанынан жыты бар заттар табылып алынган.

Шектүү буга чейин алдамчылык, жасалма документтерди даярдоо, бейбаштык, баңгизатын ири ѳлчѳмдѳ сактоо боюнча 4 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы белгилүү болду.

Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан