Бишкектеги Төмөнкү Ала-Арча айылында чогуу спирт ичимдигин ичкен адамды бычактап салганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 23-январда милицияга бычактан алган жаракатынан улам каза болгон адам тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча дароо кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалды.
Шектүү жаран маркум менен чогуу спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодогу пикир келишпестиктин айынан маркумду бычак менен сайганын айтып берген.
Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.