Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Кыргызстанга келди (фото)

Бүгүн, 23-январда Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалымдалгандай, конокторду "Манас" аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тосуп алды.

Белгилей кетсек, Маулен Ашимбаев расмий иш сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуп, эки тараптуу алакаларды арттыруу маселелерин талкуулайт. Муну менен катар парламент депутаттарынын катышуусунда кеңейтилген курамдагы жолугушуулар өтөт.

Ошондой эле сенат төрагасы президент Садыр Жапаров менен да баарлашып, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган форумга катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан