Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы кафеде белгисиз жаран 25 жаштагы кызды салфетка салгыч менен уруп жиберген. Мындан улам жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Арызда аны эч себепсиз эле салфетка салгыч менен башына уруп, денесине залал келтиргенин билдирген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, кафеде орнотулган видео көзөмөлгө түшкөн тасманы изилдеп чыгып, көп узабай шектүүнү кармоого үлгүрүшкөн.
Ал Чолпон-Ата шаарынын 27 жаштагы тургуну, мурда кылмыш жообуна тартылган Ы.Б. болуп чыкты.
Шектүү катары кармалган жаран райондук милициянын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн алып барылган.
Аталган окуя боюнча "ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.