Бишкектеги Кулатов менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурмандар билдирди.
Окурмандын айтымында, тилсиз жоо саат 13:00 чамасында тутанган. Видеонун автору өрт өчүрүү кызматынын шатысы көп кабаттуу имараттын жарымына гана жетип каларын кошумчалаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык чыккан жерге өрт өчүрүүчү үч бригада жөнөп кеткенин жана кошумча маалымат берилерин билдирди.