Ошто опузалап акча талап кылууга шектелген 32 жаштагы жаран кармалды

Ош облусунда жарандын 16 миң сомун опузалоого шектелип бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициясынан маалымдашты.

Кабарлангандай, 18-апрелде М.Т. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 23:00дөр чамасында Ш. аттуу жаран достору менен келип, жабырлануучуну өзүнүн унаасына отургузуп, коркутуу жолу менен 16 миң сом акчасын опузалап алып койгондугун билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, “опузалап талап кылуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүнү жана анын кылмыштуу шериктерин тергөөгө камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилген.

Ош шаарынын Кара-Суу районунун тургуну 32 жаштагы А.у.Ш. 21-январда опузалап акча талап кылуу фактысына шектелип кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталды.

Бүгүнкү күндө шектүү эки айга камакка алынган. Тергөө амалдары уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-01-25 15:21:00
! ! !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан