Flash UP'тын "Дубайга жолдомо утуп ал!" акциясынын жеңүүчүсү аныкталды

11-январда "Кыргызстан обондору" радиосунун түз эфиринде Flash UP'тын "Жайкыга билеттерди белек кылабыз, Дубайга 4 жолдомо утуп ал!" акциясынын финалдык туру болуп өттү. Баш байгенин бактылуу ээси болуп Жалал-Абад облусунун тургуну Эркин Абдуллаев табылды.

ул жеңишке таң калдым. Буга чейин Кыргызстандан башка жакка саякатка чыккан эмесмин. Flash UP'тын аркасында үй-бүлөм менен Дубайды көрө аларыма абдан кубанычтамын. Күтүүсүз болду" деген ал.

Жеңүүчүгө баш байгени «Балтика» ЖЧКсынын башкы директору Азамат Майликов тапшырган.

"Биз Flash UP'тын "ысык" акциясынын жыйынтыгын чыгарганга кубанычтабыз. 4 турдун жыйынтыгы боюнча 60 керектөөчү акчалай сыйлыкка ээ болду. Бүгүн акциянын жеңүүчүсүнө баш байгени тапшырып жатканыма кубанычтамын. Биз керектөөчүлөргө биздин брендди тандоосу жана өнөктүк учурунда алган оң пикири үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Эркинди унутулгус жаңы жылдык белекти утуп алышы менен чын дилимден куттуктайм. Ошондой эле башкаларды бренддин жаңылыктарына көз салып турууга жана Flash UP'тын келечектеги иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырам".

Акция Кыргызстан боюнча 10.11.2022-жылдан 11.01.2023-жылга чейин өткөрүлдү.

Толук маалымат: @flashup.kg @forester.kgz

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан