"Жаңы тарыхый чыгарма жазып бүттүк". Актёр, режиссёр Бакыт Мукул 58 жашка толду

Бүгүн, 25-январда куудул, актёр, режиссёр жана сценарист Бакыт Мукул 58 жашка толду. Ал туулган күнгө көп маани бербестигин айтты.

"Туулган күнгө көп деле маани бербейм. Бирөө куттуктабаса деле таарынбайм. Туулган күн болгон сайын картайып баратасың деген эле сөз да. Азыр шаарда жүрөм, кечинде үйгө барганда баары бир белгиленет да. Ал боло турган иш. Теңтуштар, кесиптештер куттукташып, чакырып жатышат", - дейт ал.

Бакыт Мукул 1965-жылы 25-январда Нарын районундагы Учкун айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун Нарын театрынан баштап, Кыргыз драма театрынын алдындагы 2 жылдык окууга тапшырып, билим алган. Андан соң Жаштар театрында, Чүй облустук театрында иштеп, 40ка чукул тасмада роль жараткан. Мындан сырткары, 50гө жакын ырдын жана 30дан ашык сатиранын автору. 2016-жылы декабрь айында "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон.

"Атанын керээзи" тасмасын Дастан Жапар уулу менен биргеликте тартып режиссёрлук тушоосун кескен. Аталган тасма эл аралык фестивалдарда бир канча байгелерге ээ болгон. Ал эми "Акыркы көч" тасмасы "Оскарга" талапкер болгонго жетишкен. Режиссёр, сенарист жаңы долбоор менен алек болуп жатканын айтты.

"Дастан Жапар уулу экөөбүз "Коштошуу" аттуу тарыхый чыгарма жазып бүттүк. Кыргыз фильмдин көркөм советинен ийгиликтүү өттү. "Тематикалык планга тиркейбиз" дешти. Эми ары жагы кандай болот билбейм. Мында экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу, тылды чагылдырдык. Аны менен кыргыз элинин кыйналганын, бир үйдө канча эркек болсо, анын бардыгын калтырбай согушка айдаганы тууралуу, тукум курут болбой, тырмышып мамлекетибизди кармап калганыбызды азыркы муунга көрсөтүү максатында аракет кылып жатабыз. Бул чыгарманы тартуу үчүн көп акча кетерин айтпасак болбойт", - дейт ал.

Бакыт Мукул режиссёрлукту бардык эле актёрлор аткара алышпайт деп эсептейт. Ошондой эле ал бүгүнкү күндөгү кыргыз тасмасынын абалы, деңгээли тууралуу өз ою менен бөлүштү.

"Азыркы тапта кинонун экиге бөлүнүп турган учуру. Кыргыз фильмде тартылган тасмалардын көрүүчүлөрү башка адамдар, кинонун төркүнүн түшүнө билишет. Ал эми жеңил-желпи тартылган тасмаларды ким болсо дагы түшүнө берет. Эмне максат менен тартылгандыгы боюнча иши жок. Кыргыз фильм тарткан кинолордун дүйнөдө орду бар", - дейт режиссёр.

25-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан