Кыргызстан менен Италия футбол жаатында кызматташат

Рим шаарында Кыргыз футбол бирикмеси менен Италиянын футбол федерациясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалымдалгандай, документке кечээ, 24-январда Кыргызстан менен Италиянын футбол федерацияларынын президенттери Медербек Сыдыков жана Габриэле Гравина кол койду.

Белгилей кетсек, учурда бирикменин өкүлдөрү аталган шаарда иш сапар менен жүрүшөт, алар Италиянын футбол федерациясынын эл аралык кеңсесинин жетекчиси Данило Филаккионе менен жолугушмакчы. Анын жүрүшүндө Италиянын футбол федерациясынын иши жана уюштуруу түзүмү менен таанышуу, кызматташуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы FIGC Centro Tecnico Federale di Coverciano машыгуу базасында болуп, Италия менен Испаниянын U-17 жаштар курама командаларынын жолдоштук беттешине күбө болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан