Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды

Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалымдалгандай, анын үстүнөн Баткен облусунун мурунку губернатору Арзыбек Бурканов арыз жазып, анын негизинде Разаков алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди.

Мындан сырткары бүгүн, 25-январда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы карала турганын айтты.

Улуттук коопсуздук кызматы Разаков алар тарабынан кармалбаганын билдирди. Ал эми Башкы прокуратура менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков биринчи вице-премьер-министр кызматынан 2020-жылдын февраль айында өз арызынын негизинде кеткен. Ага чейин Баткен облусун жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jam77
2023-01-25 15:53:00
Не болду...
-1
Antiradikal12
2023-01-26 09:10:00
Баткен десе Буркановду тушунуп калдык, Шадиев кетип. Буркановдун бизнесине бут тосо калып ошого каматып салса керек да... Кыргызстанды жиликтеп эле болуп алышты, Баткен Буркановдорго тийди........
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан