Бүгүн, 25-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, "Достук" ансамблинин солисти Султан Каримов 64 жашка чыкты. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда, учурда чыгармачылык менен алектенип жатканын айтты.
"Туулган күн көптөгөн куттуктоолор менен башталды. Бир туугандарым, тааныштарым жана күйөрмандарым тынбай чалып, жазышып жүрөгүнөн чыккан куттуктоо сөздөрүн айтышууда.
Эртең өлкөбүзгө Өзбекстандын президенти Мирзийоев келгендигине байланыштуу учурда репетиция менен алекпиз. Жумуш үстүндөбүз", - дейт ал.
Султан Каримов 1959-жылы Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында туулган.
Аны өздүк көркөм чыгармачылык концерттердин биринде Чоро Кожомжаров байкап, ансамблге солист катары чакырган. Ошол убактан тартып Султан Каримовдун филармониянын сахнасында чыгармачылык жолу башталат. Чоро Кожомжаровдон кеткенден кийин "Ариет" жана башка топтордо ырдап, 50дөн ашык өлкөлөрдө кыргыздын ырын тартуулап кыдырып келген.