Жалал-Абадда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Такталгандай, кармалган адам Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н. экени белгилүү болду.

Ал президенттин администрациясына караштуу "Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинен айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылган.

Тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан