Бишкек шаардык соту Айза Улан кызынын өлүмүнө себепкер болгон айдоочуну тергөө аяктаганга чейин үй камагына калтырды. Бул тууралуу жабырлануучу тарап SUPER.KG порталына билдирди.
Эске салсак, 14-январда аталган иш Свердлов райондук сотунда каралып, судья Айзада Исаева шектүүнү бөйрөк оорусу менен жабыркайт деген негизде үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган. Буга нааразы болгон жабырлануучунун жакындары президентке жана акыйкатчыга кайрылышкан эле. Иш бүгүн, 26-январда кайрадан Бишкек шаардык сотунда каралып, Свердлов райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылганы маалым болду.
"Биз соттун чечимине абдан нааразыбыз. Кызды сүзүп кеткен айдоочу бизди карап бир да кечирим сурап койгон жок. Сотторго ушунчалык нааразы болдук. Акчалуу адамдар аларды сатып алып койгону билинип турду. Аларга адам өлтүрүү деле эч нерсе болбой калыптыр. Акча менен баарын сатып алып көнгөн адамдар экен", - деди маркум Айза Улан кызынын аталаш эжеси.
Белгилей кетсек, 24 жаштагы ИИМдин академиясынын студенти Айза Улан кызын 9-январда шаардагы көчөлөрдүн биринде унаа коюп кетип, жеринде каза тапкан. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден из жашырып, 3 күндөн кийин кармалган. Ал мурдагы милиция кызматкери экендиги маалымдалган.