"52,8 миллион сом зыян". Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган салык кызматкери кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кабарлангандай, салык кызматынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген документтерди жасалмалаган.

Салык кызматынын Н.С. аттуу кызматкери жасалма документтерди жасап, жаранды жеке ишкер катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөрүп, андан кийин анын атынан көмүскө экономикалык иштерди аткарып жүргөн. Жыйынтыгында республикалык бюджетке келтирилген зыян болжол менен 52 миллион 870 миң сомду түзгөн.

25-январда Н.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз экономикалык иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан