Коңшу Өзбекстанга унаага жашынып өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, унаага жашынып өтүүгө аракет кылган жаран "Достук автодорожный" өткөрмө бекетинен кармалган.
"Чек арачылар Өзбекстанга бара жаткан RENO кичи автобусун текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда чек арачылар чек араны кесип өтүүгө аракет кылган жаранды автоунаанын ичинде жашырынып жүргөнүн аныкташкан. Ал жаран кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.
Кармалган жарандын жанында өздүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Текшерүүдө ал 1975-жылы туулган А.Б. аттуу Кыргыз жараны экендиги аныкталган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.