Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчулар төмөнкү салмак категориялары боюнча катышат:
Кыз-келиндер арасында: 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 килограмм;
Эркектер арасында: 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 килограмм.
Мелдеш 28-29-январь күндөрү “Газпром” борборунда болот.