Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 24-февралга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка таянсак, 2022-жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Б.А. аттуу жаран кайрылып, Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арыз жазган. Анда ал 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000 долларын алып бербей койгондугун билдирген.
1-октябрда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголгон. 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бүгүн, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, 24-февралга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды.
Тергөө процесстери уланууда.