Баткенде прокурордун өлүмү: Мелис Калыковго сот акыркы чечимди чыгарды

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө айыпталган облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыковго сот акыркы чечимди чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалымдалгандай, Жогорку сот Ош облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 31-мартындагы өкүмүн күчүндө калтырган. Муну менен Мелис Кадыров өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылды.

Белгилүү болгондой, үчүнчү инстанциянын өкүмү акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылдын 18-ноябрында өлтүрүлгөн. Анын күйгөн денеси шаардын сыртынан табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
futboler
2023-01-27 15:51:00
Туура жана тактап жазгылачы, канча жылга кесилди, кандай шартта жазасын өтөйт деп чечим чыккан эле. Бир жерде Калыков, бир жерде Кадыров деп жазыпсыңар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан