Бүгүн, 30-январда "Кеңеш" тобунун негиздөөчүсү, ырчы Мүзүр Мамбетов 46 жашка чыкты.
SUPER.KG порталы ырчы мырзага байланышка чыгып, туулган күнү менен куттуктады.
"Туулган күнүм эң сонун башталды. Алгач жубайым Гүлмира куттуктады, андан соң уулум, кызым. Кайын-журтум куттуктап үйгө келип кетишти", - деди ал.
Мүзүр Мамбетов Кеңешбекович 1977-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында туулган.
Ырчынын балалык кези
Ал мындан туура 25 жыл мурун түзүлгөн "Кеңеш" тобу атасынын ысымынан аталганын билдирди.
"1998-жылы атам Кеңешбек каза болуп калгандан кийин, анын ысымына ыйгарып топ түзгөм. Айылдын балдарынан куралган бул топ 2 жылдай гана иштеди. Кийин 2008-жылы жубайым Гүлмира Шарипова менен кайрадан "Кеңеш" тобун түзүп, ырдай баштадык", - дейт ал.
Ошондой эле быйыл чоң концерт менен чыгармачылыкка киришерин айтып өттү.
"Ырдабай, чыгармачылыкка көп аралашпай калсаң адамдар көңүл бурбай, эстебей калат экен. Мунун себеби, көпчүлүк учурда дааваттарга, зыяраттарга чыгып кетүүм болду. Андан тышкары жеке иштерим менен алек болуп калдым. Эми ушул жылы буюрса, чоң концерт берип, жаңы ыр, клиптер менен чыкканы турабыз. Чыгармачылыкты улантып, кайрадан "Кеңеш" тобун жандантабыз. Күйөрмандарыбыз да буга чейин жок болуп кетишти деп сөз кылып жатышкан. Эми тынбай иштеп баштайбыз", - дейт ырчы мырза.
Белгилей кетсек, Мүзүр Мамбетов жана анын жубайы Гүлмира Шариповадан түзүлгөн "Кеңеш" тобу "Кызыл гүл", "Нике кайып", "Карагат", "Сирень гүлү", "Ак жамгыр" жана башка ырлары менен элге таанылган. Учурда түгөйлөр бир уул, бир кызды тарбиялап, өстүрүшүүдө.