Талас шаардык кеңешинин төрагасы менен вице-мэрдин камактагы мөөнөтү узартылды

"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шек саналып жаткан Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов менен шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков 2023-жылдын 10-февралына чейин камакта калды. Мындай чечимди 29-январда Талас шаардык соту чыгарды.

Буга чейин ушул эле иш боюнча кармалган шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Азиз Курамаев үй камагына чыккан.

Эске салсак, Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу Байжигитов, Жусупбеков, Курамаев жана Долдоев кармалганын 10-январда УКМКдан кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан