Ысык-Көл облусунун Түп районунда 14 жашар кыз асынган абалда табылды. Маалыматты SUPER.KG порталына облустук милициядан тастыкташты.
Андагы маалыматта, окуя 28-январь күнү болгон. Анда 14 жаштагы кыз өзүнүн үйүнүн бакчасында асынып алган. Анын сөөгүн ата-энеси тапкан. Алдын ала маалымат боюнча жансыз денеден зомбулуктун белгилери байкалган эмес.
"Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.
Милиция бул фактынын акыркы жыйынтыкты экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин чыга тургандыгын белгиледи.