Кызыл-Кыяда өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, ишкерден акча каражатын талап кылган жалган милиция кызматкери Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, 26-январда Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну, жеке ишкер 43 жаштагы А.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ошол эле күнү белгисиз жаран чалып, ага карата компроматтык материалдар бар экендигин айтып коркутуп, 300 миң сом акча каражатын талап кылган жаранга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Аталган факты Кызыл-Кыя шаардык милициясына катталып, тергөө иши башталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, шектүү талап кылып жаткан акча каражатын Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына алып келүүсүн айткан.
Жогорудагылардын негизинде Кызыл-Кыя ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматына "Чыңгыз" аттуу милиция кызматкери талап кылып жаткан акча каражатын алуу учурунда аны кармоого көмөктөшүү жөнүндө атайын тергөө тапшырмасы берилген.
"28-январда саат 01:00 чамасында Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Кызыл-Кыя шаардык милициясынын ыкчам-тергөө тобу менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн негизинде айтылган жерде жабырлануучудан 230 миң сом акча алып жаткан жеринен шектүү кармалып, алган акчасы далил зат катары алынды", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган шектүү жарандын аты-жөнү такталып, ал эч жерде иштебеген Баткен облусунун Кадамжай районунун 30 жаштагы Т.Ч. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ал атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кызыл-Кыя ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.