Жалал-Абадда "Грабитель" иш-чарасы учурунда 16 кылмыштын бети ачылды

26-27-январь күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында "Грабитель - тоноочу" аталышындагы ыкчам-иликтөө издөө жана профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда облустук милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын алкагында 16 кылмыш ишинин бети ачылып, 2 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын бири алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн болсо, экинчиси 1 каракчылык фактысы жана 3 тоноочулук фактысына шектелип кармалган.

Ачылган кылмыш иштери:

- Алдамчылык – 1;
- Каракчылык – 1;
- Автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу – 2;
- Тоноо – 3;
- Урдоо – 9.


Мындан сырткары дайынсыз болуп жаткан жашы жете элек 1 өспүрүм милиция тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилгени кошумчаланды

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан