Араванда уурулукка шектелген 65 жаштагы жаран кармалды

Араванда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 12-январында Г.А. аттуу 24 жаштагы тургун милицияга арыз менен кайрылган. Арызында 10-январь күнү саат 09:30 чамасында Араван райондук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө, столдун үстүндө турган сумкасынын ичиндеги капчыгын белгисиз жарандар уурдап изин жашырып кеткенин билдирген. Ал капчыктын ичинде ага таандык жарандык паспорту, банктык картасы бар экендигин билдирген.

Мындан сырткары дагы эки жаран арыз менен кайрылып, акча жана телефонун уурдатканын билдиришкен.

Аталган факты каттоого алынып, "уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында уурулукка шектелген Ош шаарынын жашоочусу, буга чейин бир нече жолу соттолгон 65 жаштагы Х.У. аттуу жаран кармалган.

Бүгүнкү күндө жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары бүтүп, соттук кароого жиберилди.

Араванда уурулукка шектелген жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-30 22:01:00
Бул кайра кайталанбайт деп үмүттөнөм...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан