Ноокат районундагы кафеде жаш балага кол көтөргөн эркек киши аны "тарбиялап" коюу максатында сабаган. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү өзүнүн көрсөтмөсүндө кафеде отурган бала аны шылдыңдап, ага карай салфетка ыргытканын билдирген. Андан соң ал баланы "тарбиялап" коюуну чечкенин айткан. Жеткинчектин атасы ушул эле кафеде ашпозчу болуп иштээри белгилүү болду.
Буга чейин Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан “Элдос" кафесинде 26-январь күнү саат 19:20 чамасында 7 жаштагы баланы урууга шектүү катары 30 жаштагы
О. уулу А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени
кабарланган. Ага карата Кылмыш-Жаза Кодексинин 280-беренеси
(Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, 27-январда интернетте Ноокаттын аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткан видео тараган болчу.