Таласта жол кырсыгынан үч адам каза болду

Таласта жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Кечээ саат 21:00дөр чамасында Тараз - Талас - Суусамыр жолунда Хонда-Степвагон жана ВАЗ2107 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымдалгандай, жол кырсыгынын кесепетинен үч адам каза болуп, экөө жабыркаган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-30 22:08:00
абдан трагедиялуу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан