"Үч баласы алынды". Баткенде 2 жаштагы кызын аёосуз сабаган аял кармалды (толук маалымат)

Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кичинекей кызына карата зомбулук көрсөткөн Ш.М. кечээ, 30-январь күнү Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.

Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде аялдын үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан “Кут Кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.

Буга чейин аталган окуяга байланыштуу аялга карата кылмыш иши козголгону кабарланган.
Эске салсак, кечээ, 30-январда социалдык тармактарда энеси баласын сабап жаткан видео тарап, бул окуя көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан. Кийинчерээк аял баласын күйөөсүнө таарынганынан улам сабап, сабап жаткандагы видеосун жолдошуна жөнөткөндүгү белгилүү болгон.
Видео: Интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан