Бишкек шаарында 6 жаштагы бала каналдагы муздун алдына түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Бишкектеги С.Каралаев көчөсүндө каналдагы муздун алдына 2016-жылы туулган К.У. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине 11 куткаруучу жана ыкчам топ тартылып, баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.