Кемин районунда токтоп турган Мерседец-Бенц унаасын карактоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 30-январында милицияга М.О аттуу жаран кайрылып, Кемин шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө токтоп турган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү авто унаасынын алдыңкы терезесин белгисиз адамдар сындырып аккумуляторун, магнитофонун жана арткы эки дөңгөлөгүн уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
"Кылмыштын изи сууй электе жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү 2002-жылы туулган А.Ы. жана 2003-жылы туулган Ш.Д. аттуу жарандар кармалып, Кемин РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.