Лейлекте мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, кармалган жаран 1978-жылы туулган Х.Б. аттуу тургун экени белгилүү болду.
"Лейлек РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун аймагында жүргүзүлгөн “Экстремист” операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.