Баткенде баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кадамжай РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына баңгизатты сатуу максатында кардар издеп жүргөн жаран жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

Шектүүнүн Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында жайгашкан үйүнө жана “Ош-Баткен” жолундагы ашканасына кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында аз өлчөмдөгү баңгизаттар табылып алынган. Бул баңгизаттарга соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, “кургатылган марихуна” жана “канабис чайыры” баңгизаты экендиги аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде шектүү жаран 1970-жылы туулган И.К. аттуу жаран кармалып, ага карата Кадамжай райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 2 айлык мөөнөткө кармоо боюнча бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан