Кыргызстандан пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын аймагынан пияздын бардык түрүн чет өлкөгө алып чыкпоого тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, экспорттоого тыюу 2023-жылдын 31-январынан тарта үч айга чейин күчүндө болот. Тиешелүү токтом Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.

Бул токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
futboler
2023-02-01 15:20:00
Пиязды чет өлкөгө алып чыгууга тыюу салындыбы же алып чыкпоогобу? Алып чыкпоого тыюу салынса анда тез арада башка өлкөлөргө алып чыгып сатып жок кылгыла бизде кымбаттай берсин деп токтом чыктыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан