Жалал-Абадда баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Ала-Бука районунун аймагында У. аттуу жаран өзүнүн жашаган үйүндө баңгизат сактап жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Теңги айылынын тургуну Ю.У. наркотикалык баңги заттарын үйүндө сактап жүргөндүгү аныкталган.
"Тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын үйүнүн чатырынан 24,9 килограмм, үйдүн ичинен 3,6 килограмм жана жер төлөсүнөн 195,4 грамм салмактагы наркотикалык затка окшогон өзгөчө кескин жыты бар заттар табылган.
Мындан сырткары, Ю.У.нун апасы жашаган үйдүн чатырынан 4 түп кургатылган өзгөчө кескин жыты бар наркотикалык затына окшош затты (контролдук таразага тарткан учурда 405 грамм болгон) өзүнүн каалоосу менен өткөрүп берген.
Ал наркотикалык заттарды өз үйүнүн короосуна жана талаага өсүп чыккан өзгөчө кескин жыты бар наркотикалык затына окшош затын оруп кургатып, эки жылдан бери колдонуп жүргөн", - деп билдиришти ИИМден.