"Газпром Кыргызстан" быйыл 11 конушту газдаштырууну пландап жатат (Тизме)

"Газпром Кыргызстан" компаниясы 2023-жылы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 11 калктуу пунктту газдаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралдагы маалымат жыйында "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 9у Бишкек шаарында жайгашса, 2сү Чүй облусунда.

Бишкек шаары боюнча төмөнкү калктуу пункттар планга киргизилди:

1. Кырман жаңы конушу

2. Ала-Арча жаңы конушу

3. Бакай-Ата жаңы конушу

4. Ак-Тилек жаңы конушу

5. Ак-Тилек 2 жаңы конушу

6. Ак-Тилек Турбаза жаңы конушу

7. №20 Квартал "Жогорку Көк-Жар"

8. №83 Квартал "Попеновка"

9. №6 Квартал "Товарная"

Чүй облусу боюнча:

10. Селекция айылы

11. Новопавловка айылы

Бишкек шаары боюнча 46 жаңы конуш бар. Анын ичинен 27 конуш газдаштырылган. Ал эми 2023-жылдын планына 5 конушту газдаштыруу киргизилип, дагы 14 жаңы конуш газдаштырылбаган бойдон калууда.

"Бизге газдаштыруу боюнча билдирмелер көп келип жатат. Биринчи кезекте, аларды экономикалык, техникалык баалоодон өткөрөбүз. Ар бир конушка газ алып баруунун ирээти бар. Мисалга алсак, азыркы убакта Таш-Мойнок, Арашан айылдарынын тургундарынан газ киргизип бергиле деген кайрылуулар көп түшүүдө. Биз аларды азырынча газга кошо албайбыз, себеби техникалык мүмкүнчүлүк жок. Аларга газ өткөргүчтөрдү тартуудан мурун, Көк-Жарды газдаштырабыз, андан соң Беш-Күнгөй, анан Таш-Мойноко жетебиз. Тагыраагы, техникалык жактан өз ирээти бар.

Борбор калаада газдаштырылбаган 14 жаңы конуш калды. Аларды биз 3-4 жылга бөлүп программага киргизип, жергиликтүү бийлик менен талкуулап жатабыз", - деп билдирди "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров.

Бүгүнкү күндө республиканын аймагында газдаштыруу деңгээли 38 пайызды түзүүдө. Жаңы райондорду газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасын газдаштыруу боюнча башкы схеманын жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын инвестициялык грограммасынын алкагында жүргүзүлүп келүүдө. Кыргызстанда 8 жыл аралыгында 42 жаңы конуш газдаштырылган. Алар:

Бишкек шаары - 27

Салам-Алик, Жеңиш, Кайынды, Керамическая, Щербакова, Бурдинская, Керемет, Касым, Балбан-Таймаш, Көк-Жар, Ала-Тоо, Көлмө, Кара-Жыгач, Ак-Ордо, Ак-Өргө, Арча-Бешик, Чалбай, маданият, Учкун, Достук, Аска-Таш, Алтын-Бешик, Киргизия, Ынтымак, Алтын-Ордо, Рухий-Мурас.

Чүй облусу - 14

Мыкан а, Кара-Балта ш., Сокулук а., Люксембург а., Токмок ш., Шопоков ш., Кант ш., Ленинское а., Гавриловка а., Романовка а., Александровка а., Чоң-Арык а., Көк-Жар а., Лебединовка а.

Ош шаары -1.

Жапалак айылы

2016-жылдан бери "Газпром" ПАК республикадагы газ тармагын оңдоого жана модернизациялоого, жаңы калктуу пункттарды газдаштырууга жана метан май коюу тармактарын өнүктүрүүгө 30 миллиард сомдон ашык инвестиция жумшаган.

Белгилей кетсек, "Газпром Кыргызстан" компаниясы газдаштыруу иштерин активдүү улантып жатышат. Бүгүнкү күндө газга кошулуу мүмкүнчүлүгүнө калктуу пункттардын 250 миңдей жашоочусу ээ болушту. Компания 2030-жылга өлкөдөгү газдаштыруу деңгээлин 60 пайызга жогорулатууну максат коюп жатат. Ошентип "Газпром Кыргызстан" компаниясы кол коюлган өкмөттөр аралык келишимде көрсөтүлгөн бардык милдеттерди толук аткарып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан