Чүйдө чоң кызматка баруу үчүн пара сунуштоого шектелип башкы инженер кармалды

Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара сунуштоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, ал 31-январь күнү атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 350 миң сом акча каражатын которуп жаткан учурда кармалган. Кармалган Т.М.З. Аламүдүн райондук электр тармактарынын башчысы кызматына дайындоо үчүн Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаганы аныкталган.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан