Жалал-Абадда ден соолукка оор залал келтирген жаран кармалды

Жалал-Абадда ден соолукка оор залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-январь күнү саат 18:00 чамасында Сузак районунун тургуну 1993-жылы туулган М.А. башынан оор жаракат алып, өзүн билбеген абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 19-январь күнү Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн тургуну 1979-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Тилекке каршы, М.А. денесинен алган жаракаттан улам 30-январь күнү каза болуп калган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан