“Зал толо эл”. Спорт ордосунда ырчы Гүлжигит Сатыбековдун концерти өтүп жатат (сүрөт)

Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун шоу концерти өтүп жатат.

Алгач Гүлжигит Сатыбеков Улан Осмон уулу менен биргеликте “Өмүр” аттуу ырды аткарышты.

Андан соң “Беш тапан” куудулдар тобунун мүчөсү Союзбек Сейитказиев көрөрмандарга күлкү тартуулап, зал ичин шаңга бөлөдү.

Ал эми алып баруучулук тизгинди куудул, тамада Нурхан Догдурбеков алды.

Гүлжигит Сатыбеков - көптөгөн ырлардын, обондордун автору. Анын бир катар чыгармаларын кыргыз эстрада ырчылары Гүлнара Кахарова, Каныкей, Самара Каримова, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова, Алмаз Шаадаев жана башкалар аткарып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан